super.kg logo

"Апамдын ооруганына байланыштуу белгилебейм". Ырчы Эмил Балтагулов 42 жашка толду

 

Бүгүн, 28-сентябрда ырчы Эмил Балтагулов 42 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыкканда, апасы ооруп жатканына байланыштуу туулган күн тосо албарын билдирди.

"Апам негизи ооруп жаткан. Бүгүн катуураак ооруп калыптыр. Ошого туулган күнүмдү да унутуп калыптырмын. Апам сыркоолоп калганына байланыштуу туулган күнүмдү белгилебейм", - деди ырчы.

Эмил Балтагулов 1981-жылдын 28-сентябрында (азыркы Жалал-Абад облусунун, ошондогу Талас облусунун) Чаткал районуна караштуу Терек-Сай шаарчасында шахтёр менен медайымдын үй бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган.

"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси, ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Жалал-Абад облусунун губернаторунун, Ош шаардык кеңешинин, Жалал-Абад шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

14 жылдык тарыхы бар "Сезим" эстрада тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси. Мындан тышкары ал өзүн актёрдук жактан да сынап, бир канча тасмаларда роль жараткан.

Анын репертуарында "Балдарымдын апасы", "Я расул Алла", "Аминам, Мадинам", "Аталарды урматтайлы, барктайлы", "Энекем сенсиң сыйлаарым" жана башка ырлары бар.

28-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: