Азия оюндары: Кыргызстан ушу саньда боюнча экинчи коло байгеге ээ болду
Ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, кыргызстандык спортчу 75 килограмм салмак категориясында беттешти.
Аманкулов чейрек финалда монголиялык спортчуну упайлардын көптүк эсеби менен жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеште болсо ал Макао (Кытай Эл Республикасы) спортчусуна жеңилип калган.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстан курама командасынын Азия оюндарындагы үчүнчү медалы болуп саналат. Буга чейин ушул эле спорт түрү боюнча Авазбек Аманбеков да коло медалга ээ болду.
Ошондой эле Эрлан Шеров аталган мелдеште дзюдо боюнча чемпион болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.