super.kg logo
  Саясат  

Төрөбаев "Джунда" ишканасынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбав Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Шэньси көмүр химиялык мамлекеттик корпорациясынын "Джунда" ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай өнөр жай тармагындагы кызматташуусу, Чүйдүн Кара-Балта шаарында жайгашкан “Чайна Петрол Компани Джунда” ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводун модернизациялоонун экинчи этабын баштоо боюнча маселелер каралды.

Кытай тарап өз ара мамилени чыңдоого даяр экенин билдирип, Шэньси провинциясынын өкмөтү "Джунда"долбоорун улантууга өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Шэньси провинциясынын өкмөтүнүн деңгээлинде "Джунда" долбоору боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөндүгү айтылды.

Ошондой эле кыргыз делегациясын баштап барган Бакыт Төрөбаев "Шеньсий геологиялык чалгындоо корпорациясы" компаниялар тобунун жетекчилиги менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы геологиялык чалгындоо, тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүктү жаңы деңгээлге көтөрүү маселелерин талкуулады.

Анда Кыргызстандын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораторияны түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн корпорациянын адистери жакын арада Кыргызстанга келээри белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: