super.kg logo

Аба ырайы, 15-декабрь: Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт

 
15-декабрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда маал-маалы менен жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин  жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:  

Чүй облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +3°C  

Талас облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -5°C  

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +13°C, түнкүсүн +4°C  

Баткен облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +6°C  

Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -6°C  

Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -17°C  

Бишкек шаары. Күндүз +11°C, түнкүсүн -4°C  

Эскертүү

14-декабрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Каракол-Эңилчек (45-90-км) унаа жолунда кар көчкү түшүүсү  күтүлөт. 15-17-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100км) унаа жолдорунда кар көчкүсү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: