super.kg logo
  Саясат  

Маркум киши колдуу болду деп шек саналбаган учурда сөөктү союуну милдеттендирген талапты алып салуу сунушталды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова каза болгон адамдын киши колдуу өлгөнүнө шек саналбаса денесине экспертиза жүргүзүүнү милдеттендирген талапты алып салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи депутаттын пикиринде, маркумдун киши колдуу болушунан шек саналбаса патологиялык-анатомиялык союу жүргүзбөө тартиби бюрократиялашып кеткен. Ал бюрократиялык норманы жокко чыгарып, зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн деп шектелген учурда гана патологиялык экспертиза жүргүзүүнү сунуштоодо.

Ага ылайык, маркум киши колдуу каза тапты деп шек саналбаса анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы, же болбосо өлгөн адамдын тирүү кезинде өзүнүн билдирген керээзи болгон учурда анын сөөгүнө патологиялык-анатомиялык союу жүргүзүлбөйт.

Патологиялык-анатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүү тартиби жана учурлары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Лурова мыйзам долбоору арыз берүү мүмкүнчүлүгүнүн зарылдыгы жөнүндө билбеген, же аны берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон, же аны берүүнү каалабаган адамдар үчүн тоскоолдуктарды жоюу максатында демилгеленгенин белгилейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: