Кыргызстандык спортчу парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште коло байгеге ээ болду
Кыргызстандын парадзюдо боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы “Grand Prix Чоң шлем” эл аралык мелдешинде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган мелдешке спортчу 48 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 24-27-сентябрь күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн. Ага 61 өлкөдөн келген 500гө жакын спортчу катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.