super.kg logo

Селекцияда мурдагы күйөөсү бетин кескилеген аял коомчулукка кайрылуу жасады (видео)

 

Бишкектин четиндеги Селекция айылында мурдагы күйөөсү тарабынан үрөй учурган зомбулукка кабылган 36 жаштагы Асел коомчулукка видео кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда ал укук коргоо органдарына көп жолу кайрылганын, бирок үнү эч качан угулбай келгенин айтты.

"Мен Кыргызстанга келген күндөн баштап бул зөөкүр менин жанымды бир күн дагы койгон жок. Менин кайрылбаган жерим калган жок, канча арыз жаздым, канча укук коргоочуларга кайрылдым. Менин үнүм эч кимге жеткен жок, укугум корголгон жок", - деди ал кайрылуусунда.

Эске салсак, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 20-ноябрга чейин камакка алынды.






Селекцияда мурдагы күйөөсү бетин кескилеген аял коомчулукка кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: