super.kg logo

"Түнкү саат 12ден бери куттуктоолорду кабыл алып жатам". Ырчы Айнура Салахидинова 39 жашка чыкты

 

Бүгүн, 2-октябрда ырчы Айнура Салахидинова өздүк майрамын белгилеп жатат. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда маанайы мыкты экенин, түнкү саат 12ден бери куттуктоолорду кабыл алып жатканын айтты.

"Быйыл 39 жашка чыгып жатам. Башкалар жашын жашырса, мен тескерисинче айткым келет. Анткени, Кудайдын ушунча жаш берип жатканына сүйүнөм, шүгүр келтирем. Куттуктоолорун арнап жаткан бардык жакындарыма, досторума, күйөрмандарыма ыраазычылыгымды айтам. Жыл сайын туулган күнүмдө саат 12 болгондо эле жакын курбу кыздарым Роза эже, Азиза жана башка үй-бүлөлүк катышта жүргөндөр келип куттуктап кетишет. Бул жылы да ошондой болду. Соңку жылдары менин туулган күнүм учурунда апам (кайненем) биздин үйдө болуп калат. Бул дагы мен үчүн чоң кубаныч. Анткени өзүнүн жакшы сөздөрүн айтып, гүлүн берип кубандырат. Балдарым болсо өз колдору менен жасаган түрдүү белектерди беришет. Жолдошумдан баалуу белектерди алам. Кыскасы, туулган күнүмдө көңүл сыртында калбайм. Буюрса кечинде дос кыздарым менен топтолуп, туулган күндү белгилөөнү уланталы деп жатабыз", - дейт ырчы айым.

Айнура Салахидинова 1984-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарында төрөлгөн.

Ал Кыргыз экономикалык университетинин Маданий-эстетикалык борборунун комуз ийриминин көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. Алгач "Кусалык", "Сен жокто" деген аталыштагы ырлары менен эл оозуна алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: