super.kg logo

Медицина боюнча "Нобель" сыйлыгы COVID-19га каршы вакцина ойлоп тапкандарга ыйгарылды 

 

Кечээ, 2-октябрда быйылкы жылдын медицина жана физиология боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаттары сыйланды. Бул тууралуу аталган уюм социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Маалым болгондой, аталган сыйлык Каталин Карико менен Дрю Вайссманга "COVID-19га каршы эффективдүү mRNA вакциналарын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген нуклеозиддик базанын модификацияларына байланыштуу ачылыштары үчүн" берилди.

Окумуштуулар Moderna жана BioNTech/Pfizer вакциналарын түзүүгө жардам берген. Сыйлыктын суммасы 11 миллион швед крону, башкача айтканда, болжол менен 1 миллион долларды түзөт.

Ал эми бүгүн, 3-октябрда физика боюнча, эртең химия боюнча, 5-октябрда адабият боюнча, 6-октябрда Ослодо тынчтык сыйлыгынын лауреаттарынын ысымдары аталат. Ошондой эле 1968-жылы негиздеген экономика боюнча Альфред "Нобель" сыйлыгынын ээси 9-октябрда белгилүү болот.

Эске салсак, 2022-жылы физиология же медицина боюнча "Нобель" сыйлыгы палеогенетика боюнча иштеген Сванте Паабого ыйгарылган. Паабо байыркы адамдарды изилдегени үчүн, тактап айтканда, "жок болгон гоминиддердин геномдору жана адамдын эволюциясы менен байланышкан ачылыштары үчүн" сыйлыкка ээ болгон. Анын жетекчилиги астында неандерталь геному чечмеленип, Денисова элинин биринчи ДНК анализи жүргүзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: