super.kg logo

"Ата-энеси, эжеси дагы майып". Бекжан Догдурбек уулу тез арада операцияга муктаж

 

SUPER.KG порталынын "Тагдыр" рубрикасынын бул жолку каарманы 1995-жылы туулган Бекжан Догдурбек уулу болду. Ал Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган. Каарманыбыз сколиоз оорусунун акыркы стадиясы менен жабыркап, экинчи топтогу майып. Ал Индия өлкөсүндө жасалуучу операцияга чоң суммадагы акча каражаты керек экенин айтып элден жардам суроодо.

"Кийинки жашоом кандай болот экен деп коркуп жатам. Баспай калсам кандай болот деп ойлоном. Элди аралаганда да буттарым, далым тырышып калат. Бир жерде турганга да мүмкүнчүлүк болбой жатат, көпкө турсам эле кыйналып кетем",- деди Догдурбек уулу.

Бекжандын айтымында, ал ата-энесин өзү жалгыз карайт. Учурда ал көчөдө ырдап акча табат.

"Мен ата-энемди жалгыз карайм. Өзүм дагы ырдап, 5-10 сом болсо да, баскан-турганыма, дары-дармегиме жарап турса экен дейм. Кыргыз элимден жардам сурайм. Эл жардам берет деген чоң үмүттөмүн. Мен дагы келечекте ырчылардай болуп ырдап, эл катары жашагым келет", - деп көзүнө жаш алды ал.

Ал эми өзүн Бекжандын таежеси катары тааныштырган Кызылгүл Чанканованын айтымында, Бекжандан сырткары, ата-энеси жана эжеси дагы 2-топтогу майып. Былтыр элдин жардамы менен үйлүү болушкан.

"Азыр Бекжандын оорусу күчөп жатат. Сөөгүнүн өсүшү токтобой, операция кылыш керек болууда. Индиядагы операция 23 миң доллар экен. Биз андай акчасы таба албайбыз", - деди Чанканова.

Бекжанга жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Мбанк: +996 708 940 510

Элсом: +996 708 940 510

О!деньги: +996 708 940 510

Сбербанк : 5228 6005 2879 3005






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: