Кыргызстанда мектеп окуучуларынын ысык тамагына бөлүнгөн акча көбөйтүлөт
Кыргызстандагы мектептерде окуучулардын ысык тамагына бюджеттен бөлүнгөн каражат көбөйтүлөт. Бул тууралуу билим берүү министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Депутат Мирлан Самыйкожо окуучулардын ысык тамагы учурда 7 сом экенин, бул сумма аз экенин кошумчалады.
"Ысык тамактын баасы 7 сом, тоолуу аймактарда 10 сом. Ушул ысык тамактын суммасы көтөрүлөбү?", - деп суроо салды Самыйкожо.
Өз кезегинде Догдуркүл Кендирбаева бул маселе кошумча бюджетке киргизилгенин айтты.
"Биз муну кошумча бюджетке киргиздик. 7 сомду 21 сомго, 10 сомду бийик тоолуу аймактардыкын 30 сом кылып. Буюрса, кошулат. Себеби Кыргызстандагы 30 пайыз окуучу бала өнөкөт жакырчылыкта турат. Ошондуктан биз аларга коргоону камсыз кылышыбыз керек", - деди Догдуркүл Кендирбаева.


