super.kg logo

Ташкентте Бакен Кыдыкееванын өмүр жолун чагылдырган тасма көрсөтүлдү

 

Ташкентте белгилүү Кыргыз актрисасы Бакен Кыдыкееванын өмүр жолун, чыгармачылыгын чагылдырган даректүү тасманын бет ачары өттү.

Иш-чара ХV Ташкент эл аралык кинофестивалынын алкагында атайын аянтчада уюштурулуп, ага 80 мамлекеттен келген атактуу кино ишмерлери катышты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин айтымында, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды “Бакен Кыдыкеева жылы“ деп жарыялаган.

“ТҮРКСОЙ Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык урматына ысымын алып жүргөн Жаш көрүүчүлөр театрына бьюстун орнотуп, бардык каражатын өз моюнуна алды. Басмадан Бакен Кыдыкееванын энциклопедиясы чыгып жатат. Бул китепти чыгаруу толугу менен ТҮРКСОЙ тарабынан жүргүзүлдү. Бишкекте Кыдыкееванын урматына өткөрүлгөн "ART-ORDO – 2023” IX эл аралык театр фестивалында атайын сыйлык уюштурулду. Ошондой эле аталган фестивалга бардык Түрк дүйнөсүнөн театрларды активдүү катышууга тартты. Кыргыздын улуу актрисасы жана легендасынын ысымы дүйнө аралап баратат”, - деп белгиледи Султан Раев.

Ошондой эле Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар Анкара, Баку, Ашхабад, Астана, Алматыда шаарларында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: