super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Кыргыз футболчусу ойногон команда атактуу "Манчестер Юнайтедди" жеңди

 

Бүгүн, 4-октябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюндары өтүп, анда Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу өз үйүндө түркиялык "Галатасарайга" утулуп калды.

"Оюн 2:3 эсебинде түркиялык клубдун жеңиши менен аяктады. "Манчестер Юнайтед" клубунан голдорду 20 жаштагы даниялык футболчу Расмус Хойлунд киргизди. Ал 17 жана 67-мүнөттөрдө өзгөчөлөндү.

Ал эми "Галатасарай" клубунан Вильфрида Заа, Керем Актүркоглу жана Мауро Икарди гол киргизишти.

Муну менен "Галатасарай" клубу "А" тайпасында экинчи орунга көтөрүлсө, "Манчестер Юнайтед" 4-орунга түштү.

Кийинки турда "Манчестер Юнайтед" конокто "Копенгаген" менен, ал эми "Галатасарай" өз үйүндө "Бавария" менен ойнойт. Эки беттеш тең ​​24-октябрда өтөт.

Белгилей кетсек, "Галатасарай" клубунда "Ак шумкарлардын" чабуулчусу Бекназ Алмазбеков дагы ойнойт. Алмазбеков сентябрь айында түркиялык клуб менен расмий түрдө профессионалдык клуб менен профессионалдык келишимге кол койгон.

Ал Манчестер шаарына клуб менен чогуу барды, бирок оюнга катышкан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: