super.kg logo

"Мыкты аткаруучу жана финалга өтүүгө татыктуу".  Орусиялык ырчы Сергей Лазарев  Исраилов тууралуу пикирин билдирди

 

Орусиялык ырчы Сергей Лазарев "Ну-ка, все вместе" шоусуна катышкан кыргызстандык Бек Исраилов тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

"Ну-ка, все вместе "шоусунун өткөн чыгарылышында жеңишке жеткен Бек Исраилов сахнага эң биринчи чыгып, дароо эле 99 упай топтой алды. Менимче, ал 100 упайга татыктуу. Ал керемет тембри бар ачык, боорукер жигит.

Чындыгында, айрым сахнага биринчи чыккан катышуучулар упайларды алдын ала аванс катары алышат. Себеби бир жумада жүз адам бири-бирин жана процессти сагынгандыктан, баары кайрадан шоунун башталганына кубанып, кнопкаларды басышат. Бирок бул андай учур эмес. Бек-мыкты аткаруучу жана менимче жарым финалга өтүүгө татыктуу. Менимче, финалга да өтүүгө татыктуу", -деп билдирген Лазарев.

"Ну-ка, все вместе!" Орусиядагы популярдуу вокалдык сынактардын бири. Анда мыктыларды калыстар тобунан турган 100 адам аныктайт. Буга чейин аталган сынакка Бек Исраиловдун катышып жатканын анын менеджери Чынара Саттарова билдирген.

Ал эми атталган сынактын жарым финалына дагы бир кыргызстандык ырчы, "Дельмар" тобунун солисти Азат Раимбердиев да өткөнү белгилүү болгон болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: