“Супер концерт-2013”: “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамына Нурлан Насип ээ болду

Бишкекте 13-14-декабрда "Супер-Инфо" гезитинин салтка айланган жылдын суперлерин аныктоочу концерти болуп өттү. Концерттин экинчи күнүндө бул жылы өзгөчө эмгектенген ырчыларга, спортчуларга, актриса, актёрлорго, алып баруучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Жыйынтыгында быйыл өзгөчө эмгектенип, мыкты ырларды жараткандыгы үчүн Нурлан Насип “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамына ээ болду. Жеңүүчүгө диплом жана статуэтканы SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды.
Эске сала кетсек, “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамына Нурлан Насип, Гүлжигит Сатыбеков, Дайыр Исмадияров ат салышкан.
кошулду
“Жылдын супер ырчы мырзасы” наамына Нурлан Насип ээ болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Алган сыйлыктарын кут болсун!Ишине ийгилик,бекем ден соолук каалайм. Жаны чыгармаларды жаратып,элге тартуулап,эл оозуна алынып журо бер. Продюсериндин да талыкпаган узурлуу эмгеги учун ийгилике жетишип атканын.Андыктан сенин женишин продюсериндин да жениши!Ийгилик Силерге.Алга деп Бостериден Бакыт...