super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын депутаттары Бангладеште өткөн эл аралык форумга катышып, доклад жасашты

 
10-11-декабрь күндөрү ЖКнын депутаттары Бакыт Төрөбаев, Дамира Ниязалиева, Ыргал Кадыралиева, Айнура Алтыбаева, Замир Алымбеков Бангладеш өлкөсүнүн Дакка шаарында өткөн Түштүк, Түштүк-Батыш жана Борбор Азия аймактык миң жылдыкты өнүктүрүү максаттары жана 2015-жылдан кийинки өнүгүү программасы боюнча парламенттик форумуна катышты. Форумдун ачылышында Азия - Тынч океан аймагындагы Калк жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентарийлеринин форумуна кирген 25 өлкөнүн атынан Кыргызстан парламентчилеринин Калк жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча улуттук комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева баяндама жасады. Ал өз сөзүндө: "Бул форум Түштүк жана Борбордук Азиядагы парламентарийлер ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берет жана “Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттары программасын, ошондой эле биздин аймактагы Калк жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференциясына багытталган программаларды кыйла натыйжалуу турмушка ашырууга алып келет деген үмүттөбүз”,- деп билдирди. Бул форумга Бангладештин премьер-министри, спикери жана бир катар Өкмөт мүчөлөрү катышты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: