Ошто Кыргызстан жаштарынын Республикалык конгресси башталды

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, жаштар тематикалык тобунун төрагасы Бактыбек Кайназаров жана өлкөнүн жети дубанынан келген 100дөн ашуун жаш активисттер катышты.
"Жаштардын башын бириктирген конгресстин алкагында эки күн бою жаш муундардын арасында санариптик сабаттуулукту арттыруу, ыктыярчылык, билим берүүнүн заманбап чакырыктары, элет жаштарынын көз караштары тууралуу панелдик сессиялар өтүп, бир топ маселелер талкууланат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган конгресс эки жылда бир өткөрүлөт. Ал жаш муундардын билим алуусун калыптандырууга, аң-сезимдерин өнүктүрүүгө багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.