super.kg logo
  Саясат  

"Тапичке киесиңби, туфли киесиңби жаза бербеш керек". Депутат Талиева министрдин постторун сынга алды

 

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Догдуркүл Кендирбаеванын социалдык тармакта жазган постторун сынга алды.

"Фонддо, эл аралык уюмда иштеп жүргөн башка, мамлекеттик кызматта иштеген киши экөөнүн айырмасы асман менен жердей. 30-сентябрь күнү пост чыгарыптырсыз, кыргыз тилиндеги кош сөз, кошмок сөз, тыныш белгилер дегендерди карап койсоңуз. Сиз билим берүү министрисиз да, катасыз жазышыңыз керек. Тыныш белгилерден ката кетирип жазыптырсыз, ушуну эске алсаңыз. Анан да кийген кийимиңди, бутуңа тапичке киесиңби, туфли киесиңби ошондон бери жаза бербеш керек да. Мамлекеттик кызматкердин этикасы деген нерсе бар", - деди Талиева.

Белгилей кетсек, бүгүн парламентте билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги каралып, жыйынтыгында депутаттар бир добуштан колдоп беришти.






Жогорку Кеңеш 05.10.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: