"Акыркы 1,5 секундда". Бекзат Алмаз уулу жарым финалда жеңилип калды
Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу жарым финалда утулуп калды.
Эркин күрөштүн 57 килограмм салмак категориясында катышкан Алмаз уулу чейрек финалда япониялык Тошихиро Хасегава менен кез келип, 2:3 эсебинде жеңилди. Кыргызстандык балбан акыркы эки секундда жеңишти алдырып жиберди.
Буга чейин Бекзат уулу алгачкы атаандашы таиланддык спортчуну 10:0 эсебинде, чейрек финалда болсо Казакстандын балбанын да 10:0 эсеби менен уткан болчу.
Учурда кыз-келиндер күрөшү боюнча Нурзат Нуртаева менен Айпери Медет кызы финалга чыкты. Ал эми Айсулуу Тыныбекова япониялык балбан кыз Нонока Озакиге утулуп калды. Бирок Осаки финалга чыккандыктан, Тыныбекова көңүл жубатуучу беттешке чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.