Азия оюндары: Нурзат Нуртаева финалга чыкты
Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева финалга чыкты. Эми кыргызстандык балбан алтын үчүн килем үстүнө чыгат.
Мелдешке 68 килограммга чейинки салмак ченинде катышып жаткан Нуртаева жарым финалда монголиялык Делгермаа Энхсайханды 10:8 эсебеинде утуп алды.
Буга чейин беттешин 1/4 финалдан баштаган кыргыз балбан кызы казакстандык атаандашын 8:7 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.
Учурда Айпери Медет кызы да финалга чыкты. Ал эми Айсулуу Тыныбекова көңүл жубатуучу беттеш үчүн килем үстүнө чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.