super.kg logo
  Спорт  

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова менен Бекзат Алмаз уулу коло үчүн күрөшөт

 

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова жана эркин күрөш боюнча катышкан Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, беттешин 1/8 финалдан баштаган. Алгач кыргызстандык балбан кыз таиланддык атаандашын 14 секундда жеңсе, чейрек финалда япониялык Озакиге 1:3 эсебинде утулуп калды. Ал эми Озаки финалга чыккандыктан, Тыныбекова көңүл жубатуучу беттеште вьетнамдык балбанды 10:0 эсебинде утуп, коло үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Ал эми эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмак категориясында катышкан Алмаз уулу чейрек финалда япониялык Тошихиро Хасегава менен кез келип, 2:3 эсебинде жеңилип калды. Буга чейин Алмаз уулу алгачкы атаандашы таиланддык спортчуну 10:0 эсебинде, чейрек финалда болсо Казакстандын балбанын да 10:0 эсеби менен уткан болчу.

Эми коло үчүн беттеште Айсулуу Тыныбекова казакстандык Ирина Кузнецова менен кармашса, Бекзат Алмаз уулу монголиялык балбан менен килем үстүнө чыгат.

Ошондой эле финалга чыккан Айпери Медет кызы Казакстандын спортчусу Жамиля Бакбергенова менен кез-келсе, Нурзат Нуртаева алтын үчүн болгон мелдеште Фень Жоу менен килем үстүнө чыгат.

Финалдык жана коло үчүн болгон беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: