super.kg logo

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиациянын аудитинен ийгиликтүү өттү

 

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиациянын аудитинен ийгиликтүү өттү. Бул Евро биримдиктин кара тизмесинен чыгууга жардам бере турганын Бакыт Төрөбаев жарандык авиациясынын 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарасында билдирди.

Текшерүү 4 жылда бир ирет жүрүп турат. Төрөбаев процедура Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин айтты.

Кыргыз авиация тармагы эл аралык бардык талаптар менен стандарттарга жооп берерин тастыктады. Бул шарттар Евро биримдиктин кара тизмесинен чыгууга жол ачат. Кыргызстан ал тизмеге 2006-жылы кирген”, - деди Төрөбаев.

Мындан тышкары ал мамлекет жарандык авиациянын инфратүзүмдүк базасын жакшыртууга жана заманбап технологиялар менен камсыз кылууга олуттуу жана чечкиндүү кадамдарга барып жатканын тизмектеди.

Манас” эл аралык аэропортунун базасында – “Асман Эйрлайнс” көмөкчү авиакомпаниясы түзүлдү. Бул авиакомпания өлкө ичине гана эмес, өлкө сыртына да учууларды ишке ашырат. Ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунун өз каражатына жаңы, заманбап эки учак сатылып алынды (Bombardier Dash 8 Q400)", - деп кошумчалады Төрөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: