super.kg logo

Корумду айылында Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгы белгиленди

 
Кечээ, 6-октябрда Кыргыз ССРнин эл артисти Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракеси өзүнүн туулуп өскөн жери Ысык- Көл районуна караштуу Корумду айылында белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары катышты.
"Салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөндөр Карамолдо Орозовдун кыргыз маданиятына кошкон салымы, анын ичинде кыргыздын күү өнөрүнүн өнүгүшүнө опол тоодой жасап кеткен эмгеги бааланып, өз заманынын залкары болгонун сыймыктануу менен эскеришти. Ошондой эле алар Карамолдо Орозовдун күүлөрүндө кыргыз элинин өткөндөгү турмушу, кайгысы, күйүтү, кубанычы, меймандостугу баяндалган кылым карыткан күүлөрү түбөлүккө сакталып кала тургандыгын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.
Мааракелик иш-чарада Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин концерти, Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган комузчулар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү концерттик программа сунушташып, конкурста жеңүүчү аталган комузчуларга байгелер тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: