super.kg logo

Мурдагы министр Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

 

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Биринчи Май райондук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалымдалгандай, соттун чечими менен Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактылардын алкагында кармалганын кабарлаган. Анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 9-августка чейин камакка алуу чечими чыккан.

20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген.

Динара Кутманова буга чейин айтылган дооматтардын баарын четке каккан. Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалып, ушул жылдын март айында кызматынан бошотулган. Кутманова кызматтан кеткенден кийин билдирүү жасап, ал бул тармакка келгенде коррупцияны көрүп үрөйү учканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: