Кыргызстанда ЖККУнун “Бузулбас боордоштук – 2023” машыгуулары башталды (фото)










Бүгүн, 9-октябрда “Эдельвейс” полигонунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен “Бузулбас боордоштук – 2023” машыгуусунун активдүү фазасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Машыгуунун негизги максаты - ЖККУнун тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүнүн башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана өздүк курамынын практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат. Ошондой эле жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тынчтыкты сактоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө аскер бөлүктөр менен кошуундардын шайкештигин жогорулатуу болуп саналат", - деп билдирди Коргоо министрлиги.
Машыгуунун жүрүшүндө бийик тоолуу шарттарда, кризистик зонада конфликтен кийинки жөнгө салуу – ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгат.
"Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусуна Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн улуттук контингенттери, ЖККУнун Бириккен штабынын жана Катчылыгынын оперативдик топтору катышууда.
Машыгууга бардыгы болуп 1500гө жакын аскер кызматчылары, 200дөн ашык атайын-бронетанкалык жана автомобилдик техникалар, аскердик-штурмалык жана транспорттук авиация, учкучсуз авиация жана күжүрмөн катерлер тартылган.
