Бишкекте №7, 8 троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөрдү

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте №7 жана №8 троллейбустук каттамдардын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, өзгөртүүлөр №18 көмөкчордондун фидердик өчүргүчтөрү белгисиз себептерден улам иштен чыккандыгына байланыштуу орун алды.
Кырсык жоюлганга чейин троллейбустук каттамдар убактылуу кыскартылды:
- №8 маршруттук каттам Чыгыш автобекетинен Тимур Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине чейин;
- №7 маршруттук каттам – Тунгуч кичи районунан – Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилишине чейин.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.