Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы: "Нанды кымбат баада саткандарга административдик чаралар көрүлөт"
Өлкөдө нанга байланыштуу максималдуу бааларды белгилөө боюнча буйруктар кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлү Санжар Кокошеров билдирди.
Анын айтымында, мекеме койгон баадан кымбат саткандар болсо, анда аларга карата чара көрүлөт.
"Кабыл алынган буйруктар тууралуу нан жапкандарга маалымат берилет. Эгер биз койгон баадан ашса, анда алгач эскертүү берилет. Бирок эскертүүнү аткарбай, дагы кайталанса анда административдик чаралар каралат. Буга ылайык юридикалык жактарга 13 миң сом, ал эми жеке жактарга 3 миң сом",- деди Кокошеров.
Ошондой эле ал борбор калаада жалпы 220 нан жапкан пункт бар экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

11:22
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.