Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Министрликтин билдиришинче, 13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5... 10°;
Талас облусунда 1. 6°, айрым жерлерде -1...-3°, күндүз 4...9°;
Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде-1..-3°;
Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2... 7°,
күндүз 11...16°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 5... 10°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3...+2°, күндүз 4...9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7° суук, күндүз 1...6°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13°, күндүз - 1...-6° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
olegdenns

10.10.2023. 22:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.