super.kg logo

Нуриса Абазова 49 жашка чыкты. "Туулган күнүмдө юбилейлик концертте кызмат кылам" дейт ал

 

Бүгүн, 11-октябрда эстрада ырчысы, Маданияттын мыкты кызматкери Нуриса Абазова 49 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканда, бүгүнкү маанайы, пландары менен бөлүштү.

"Туулган күнүм абдан жакшы маанайда башталды. Түнкү саат 12ни какканда эле эң алгач кызым куттуктады. Андан кийин туугандарым, досторум куттуктап белектерин беришти. Азыр 1-2 жакын адамым дасторкон жайып конокко чакырышты, ошол жакка барам.
Ал эми кечинде чыгармачылыктагы досум, кесиптешим Чырмаш (ред.: Төрөбеков) юбилейлик концерт өткөрөт. Ошол жакта кызмат кылам", - дейт ырчы.

Ырчы Нуриса Абазова 1974-жылы 11-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Торкент айылында туулган. 1991-жылы опера-балет театрынын астындагы опералык студияда окуган. Театралдык жаатта актёрдук кесип боюнча билим алып, актриса катары Кыргыз драма театрында эмгектенген.

Алгач Бек Борбиев менен дуэт ырдап чоң сахнага аттанып, андан соң Сыймык Бейшекеев менен ырдап чыга баштаган. Элге "Эски бак", "Тазасы барбы?", "Махабат музыкасы", "Ал - махабат" аттуу ырлар аркылуу белгилүү болгон. Учурда ырчы айымдардан түзүлгөн "Достор" тобунун мүчөсү, жеке ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2023. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: