Садыр Жапаров Владимир Путинди "Ала-Арча" резиденциясынан тосуп алды (видео)
Бүгүн, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапары башталды. Орус лидерин “Ала- Арча” резиденциясында өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алды.
Андан соң ардактуу кароолдун коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимни ырдалды.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчы Садыр Жапаров менен Владимир Путин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде Кыргызстандын быйылкы жылы КМШдагы төрагалыгын жана Орусиянын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.
Ошондой эле бир катар өкмөттөр жана ведомстволор аралык документтерге кол коюлмакчы.
Садыр Жапаров Владимир Путинди "Ала-Арча" резиденциясынан тосуп алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

