super.kg logo

Кенже Дүйшеева 49 жашка чыкты. Ырчы туулган күнүн жакындарынын курчоосунда белгилеп жатат

 

Бүгүн, 12-октябрда эстрада ырчысы Кенже Дүйшеева жеке майрамын белгилеп жатат. Бул күндү ырчы жакындарынын курчоосунда өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын менеджери Гүлшан Шамилова билдирди.

"Кенже эжем бул жолку туулган күнүн жакындарынын курчоосунда өткөрүп жатат. Эң биринчилерден болуп, кызы Томирис, анан жолдошу куттуктады. Маанайы эң сонун. Бул күндү үй-бүлөлүк майрам деп ар дайым айтып келет. Андыктан баары сонун, жогорку деңгээлде өтүп жатат", - деди менеджери.

Ырчы Кенже Дүйшеева Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында 1974-жылдын дал ушул күнү туулган. 1992-жылы мектепти аяктап, 1994-жылы Оштогу педагогикалык окуу жайдын мектепке чейинки балдарга тарбия берүү бөлүмүн жана ОшМУнун журналистика факультетин аяктаган.

3 жашынан баштап райондук, облустук сынактарга катышып, чоң сахнага чыга баштаган. Ал эми 1994-2010-жылдары "Кыз-Бурак" тобунда ырдаган. 2010-жылдан баштап жеке ырчы жана "Жебе" тобунун жетекчиси катары белгилүү болгон. Репертуарында: "Аялзат", "Жалгызым", "Балалык" жана башка ырлары бар.

Кенже Дүйшеева 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланган. Кенже Дүйшеева "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2009-жылы "Супер ырчы айым" деп табылган.

Ал эми 2019-жылдын аягында КРнын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.10.2023. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: