super.kg logo
  Спорт  

Ош мэри Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовго 500 миң сом тапшырды

 

Ош мэри Бакытбек Жетигенов Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан, Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовду кабыл алып, Белград шаарында өткөн мелдештердеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Акжол Махмудовдун жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ага 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Белгилей кетсек, Махмудов Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда финалда азербайжандык балбан Санан Сулейманов менен беттешип, жеңишке жеткен. Бул балбандын дүйнө чемпиондугунда уткан экинчи алтын медалы болду.

Өткөн жылдын сентябрь айында өткөн дүйнө чемпиондугунда венгриялык спортчу Золтан Леваини биринчи бөлүктө эле жеңип чемпион аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: