super.kg logo

8 айдын ичинде Кыргызстан канча тонна алтын сатканы айтылды

 

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан августтун соңуна чейин Кыргызстан 8 тонна 717,4 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу көрсөткүчтөр Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, анын баасы 545 миллион 170 миң долларды түздү.

Жыл башынан берки сегиз ай ичинде Кыргызстан Швейцарияга - 7,15 тонна алтын сатып, андан 448 миллион доллар тапкан. Бул сатылган алтындын басымдуу бөлүгүн түзөт.

Мындан тышкары Кытайдын Гонконгуна 983 килограмм алтынды 60 миллион долларга саткан. Бириккен Араб Эмираттарына сегиз айда 582 килограмм алтынды 36,6 миллион долларга соодалаган.

Белгиленгендей, 2022-жылдын тиешелүү мезгилине карата өлкө чет мамлекеттерге 65,4 килограмм алтын саткан, ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы менен ал 290,5 килограммды түзгөн.

Кошумчалангандай, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында алтын экспорттолгон эмес, сатуу март айында башталган.

Эскерте кетсек, “Кумтөр" компаниясы толугу менен Кыргызстанга 2022-жылдын апрель айында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: