super.kg logo

Бишкекте "Дордой" базарына жаңы ыңгайлуу автобустарды киргизүү каралууда

 

Бишкекте "Дордой" базарына жаңы ыңгайлуу автобустарды киргизүү каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, "Дордой базарына Транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жол инфратүзүмүн баалоо жана коомдук транспортту ишке киргизүүгө даярдык көрүү максатында "БЖАИ" МИнин директору Бакыт Темикеев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен комиссиялык чыгуу уюштурду.

Ага ылайык, комиссия коомдук транспорттун ийгиликтүү иштеши үчүн жол инфратүзүмүн оптималдаштыруу максатында базардын аймагына деталдуу талдоо жүргүздү.

"Жыйынтыгында ички жолдорду кеңейтүү, ошондой эле жол жээгинде кыймылды олуттуу чектеген жана транспорт каражаттарынын кыймылын кыйындаткан унаа токтотуучу жайларды алып салуу, милдеттүү жол белгилерин орнотуу жана бардык уруксатсыз азык-түлүк сатылган соода түйүндөрүн жоюу сыяктуу маанилүү милдеттер белгиленди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: