Бишкекте муниципалдык мончо октябрь айынын аягында пайдаланууга берилет







Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда курулуш объектилерине пресс-тур өттү.
Анда калаа башчысы Жибек-Жолу проспектиси, 286 дарегиндеги мончо-ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушу менен таанышты.
Учурда ички жасалгалоо иштери, лифт жана меш орнотуу, жылуулук тармактарына туташтыруу, ошондой эле аймакты жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары аталган мончодо атайын унаа токтотуучу жай да камтылган.
Курулуш аянтчасында жалпы аянты 2705,42 чарчы метр болгон эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо 240 орундуу, эркектер үчүн 120, аялдар үчүн 120 орундуу.
Мончону "Лидер Хаус" ЖЧКсы курууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.