super.kg logo

Палестина-Израиль жаңжалы: Министрлик кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

 

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта аскердик-саясий абалдын туруксуздугуна жана палестина-израиль жаңжалынын андан ары курчушуна байланыштуу Кыргыз жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү жана ошондой эле чыр-чатакка кабылган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ошону менен бирге, министрлик, Израилде жүргөн Кыргызстандын жарандарын азыркы учурда каттап жаткан туруктуу каттамдар менен барган өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүгө чакырат.

"Министрлик, күтүлбөгөн кырдаалдарда жана шашылыш суроолор келип чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандарына министрликтин Консулдук департаментинин түз байланыш телефонуна кайрылууну эскертет: +996 999 312 002", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: