Депутат Тазабек Икрамов ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Афины шаарында өткөн ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге утту. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу мекендештер! Мени колдоп, сүрөп турган элиме, ошол эле учурда ар бир күрөштө килем үстүнө мени менен кошо чыккандай санаага баткан санаалаш досторго чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кудайдын буйругу экен, Афинадагы грек рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигинде алтын медаль багынта албай калдым. Сиздердин колдооңуздарды, сүрөөңүздөрдү сезип турсам да, бул ирет кылган аракетимдин жемиши жеке мен күткөндөй жыйынтык болбоду. Буга да шүгүр кылып, сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Буюрса, ийгиликтер алдыда!
Куттуктоолоруңуздар үчүн бардыгыңыздарга чоң рахмат!", - деп жазды ал.
Тазабек Икрамов Дүйнө чемпиондугунда ирандык, казакстандык, польшалык балбандарды утуп финалга чыккан. Финалда ал швециялык балбанга упайлардын айырмачылыгында жеңилип калды.



1 |