super.kg logo

Берлинде "Бала Манасчы" айкели ачылды (фото)

 

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган “Бала Манасчы” айкели менен таанышкан.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен айкелди Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын "Достук" орденинин ээси белгилүү бедизчи Тамила Маматова жасаган.

“Бала Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен көөнө маданиятын, улуттук баалуулуктарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет.

Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

“Бала Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турат. Бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, байыртадан бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки мурастарга өткөрүп берүү максатын туюндурат.

Салтанаттуу иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шернияз, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Мирлан Самыйкожо, журналист, эпосту кара сөз менен айтып жаткан Шайырбек Абдырахман уулу, манасчы Рысбай Исаков, улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу жана Европанын туш тарабынан келген боордоштор катышты.

Айкел демөөрчүлөрдүн салымы менен орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2023. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: