super.kg logo

ӨКМ тойканаларга өрт коопсуздугун сактоону эскертти    

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тойкана, ресторандардын ээлерине өрт коопсуздугун сактоону эскертүүдө.

Маалыматка ылайык, Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору өлкөдөгү ресторан, тойканаларды дыкат текшерүүгө алып, түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө.

"Эскертүү берилген жайларда кетирилген кемчиликтерди 10 күндүн аралыгында жоюуга убакыт берилет. Эгер эрежеге баш ийбесе айып пул салынат. Аны менен гана кутулуу мүмкүн эмес. Иш укук коргоо органдарынын кароосуна өтүп, кылмыш иши козголот", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик, тойкана ээлерине төмөнкүлөрдү эскертет:

  • массалык түрдө адамдар чогула турган имараттардын дубалдары менен шыптары күйгөн учурда, уулуу заттарды бөлүп чыгара турган жана тез күйө турган жасалгалоочу материалдардан болбошу керек;
  • синтетикалык күйүп кетүүчү материалдардан жасалган килемдерди жана жол килемчелерин колдонууга тыюу салынат;
  • ресторан, кафелердин жана ашканалардын администрациясы залдарга келүүчүлөрдүн ашыкча толуп кетишине жол бербөөгө тийиш;
  • кезметчиде дем алуу органдарын жекече коргоочу каражаттардын комплекси жана электр фонарлары болушу зарыл;
  • суюлтулган күйүүчү газ толтурулган баллондор менен иштеген жылыткычтарды, дизелдик жана башка күйүүчү суюктук менен иштеген тамак даярдоочу аппараттарды пайдаланууга таптакыр тыюу салынат;
  • адамдарды эвакуациялоочу жолго алып келген негизги өткөөл бош калтырылышы керек;
  • эл көп чогулган жерлерде колдонулуучу курулуш материалдарынан тарта кооздук буюмдарынын өрткө туруктуулугу атайы лабораториядан өтүп, тастыктаган документтери болуусу тийиш;
  • коомдук тамактануучу жайларда эрежеге ылайык алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен камсыз кылынып, кызматкерлер эвакуациялык жолдорду, кырсык учурундагы алгачкы коопсуздук эрежелерин так билүүсү кажет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: