Эскертүү! Бишкек менен Чүйдүн айрым көчөлөрү 2 күнгө жабылат
25-27-октябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул туурасында ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, бул күндөрү Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин Кыргызстанга жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.
Ал үчүн ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат.
Маалымдалгандай, маанилүү иш-чара учурунда төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет:
- "Манас" эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
- "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа калтырбоого, оор жүк ташуучу унаа айдоочуларын зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга жана жалпы айдоочулардан жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Белгиленгендей, эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

11:22
2025-07-11

10:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
urgqgexdkqbw

23.10.2023. 21:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.