"Кайра эле баягы көрүнүш". Кыргыз-казак чек арасында 410 унаа кезекте турат
Бүгүн, 23-октябрда саат 12:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
“Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынан жеңил автоунаалардан жана Кант цемент заводунун жүгүн ташыган жук ташуучу автоунаалардан тышкары, Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 жүк ташуучу транспорт каражаты өткөн.
“Унааларды өткөрүүнү жогорулатканына карабастан “Ак-Тилек-автожолдо” жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу байкалууда. Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин баса белгилейт”, – деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта Кыргызстандын жана Казакстандын Чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок экендиги, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлардын бардыгы штаттык режимде иштеп жаткандыгы кошумчаланды.



1 |