super.kg logo

Бишкекте бир нече көчөлөрдө тротуарлар жаңыланды. Тизме

 


Ушул жылга карата "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын титулдук тизме боюнча борбор калаанын 4 районунда 30 чакырымдан ашык тротуарды капиталдык оңдоо каралган. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, титулдук тизме боюнча 22 объект, ал эми кошумча титулдук тизме боюнча 21 объектте курулуш иштери пландалган.

Ага ылайык, учурда 17 объектте тротуарларды капиталдык оңдоо иштери аяктады, алардын узундугу 16 миң 852 погон метр жана 6 объектиде 12 миң погон метр иштер жүрүүдө.

Тротуарларды оңдоо иштери төмөнкү участоктордо аяктады:

* Жибек-Жолу проспекти боюнча Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин;
* Садырбаев көчөсү Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;
* Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
* Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин (экинчи тарабы);
* Чүй проспекти 311-үйдөн Фучик көчөсүнө чейин;
* Фучик көчөсү оорукананын негизги кире беришинен Москва көчөсүнө чейин;
* Фучик көчөсү Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;
* Өмүр көчөсү Ашар көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин;
* Токтогул көчөсү Калык Акиев көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейин;
* Чүй проспекти Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин;
* Чүй проспекти Курманжан Датка көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
* М. Ганди көчөсү Жибек- Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;
* Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн "Газпром" кеңсесине чейин;
* Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
* Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин;
* Байтик баатыр көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
* Байтик баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин.

"Мындан тышкары, кошумча титулдук тизме боюнча учурда 17 объектиде жалпы узундугу 10 441, 00 погон метр иштер жүргүзүлүүдө.

15 объектиде жалпы узундугу 5131 погон метр жана 8 миң 500 чарчы метр болгон иштер аяктады.

"Алтын аянттагы" тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча кошумча титулдук тизмеге ылайык, 6 объектте иштер аяктады, алардын узундугу 29 438 чарчы метр",- деп айтылат маалыматта.

* Л. Толстой көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин (түштүк тарабы);
* Бөкөнбаев көчөсү Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин (түштүк тарап);
* Чүй проспекти боюнча Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин (эки тарап);
* Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
* Т. Молдо көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин (эки тарап);
* Медеров көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин (түндүк тарабы).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: