super.kg logo

Садыр Жапаров коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызына Кыргыз жарандыгынын паспортун жана батирдин ачкычын тапшырды

 

Бүгүн, 23-октябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ыйлайык, мамлекет башчысы жылуу баарлашууда кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандын кызы менен жолугушуп жатканына абдан кубанычта экенин билдирди.

Президент Исхак Раззаковдой улуу инсандын ысымы ар бир кыргызстандыкка таанымал экендигин, жалпы элибиз анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө ойногон чоң ролун билет, деп баса белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчы көрүнүктүү ишмердин ташка тамга баскандай айткан таамай сөздөрү калың элдин катмарына сиңип, азыр да актуалдуу болгондуктан, ар дайым айтылып, колдонулуп келгенин айтты. Анын “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген накыл кеби жөн эле айтылып калбастан, ар бир адамдын, айрыкча өлкө жетекчилеринин жүрөгүнөн түнөк таап, таза иштөөгө жетелеп, келечекке жол, багыт болуп келет. Бул – Исхак Раззаковдун баскан жолу жана ишмердүүлүгү кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калгандыгынын далили.

"Эльмира Раззакова учурда Москвада жашаарын жана кийинки жылы 80 жашка толорун билген Мамлекет башчысы, анын кыргыз жарандыгын алуу өтүнүчүн жерге калтыра албаганын баса белгиледи.

Буга байланыштуу жолугушуу учурунда Президент Садыр Жапаров ага Кыргызстандын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун тапшырып, ошондой эле белек катары Эльмира Раззаковага Бишкектин борборунан жашоого бардык шарттары бар батир сатып алынганын билдирди",-деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы кыргыз эли Кыргызстанга ат көтөргүс салым кошкон Исхак Раззаковду дагы, кыргыздын көрүнүктүү уулунун кызы катары аны да эч качан унутпай турганын жана ар тараптан колдоого ар дайым даяр экенин белгилеп өттү.

Ал эми Эльмира Раззакова Садыр Жапаровго көңүл бурганы, өтүнүчүн четке какпай, чечип бергени жана турак жай түрүндө күтүүсүз белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, канчалаган жылдардан кийин кичи мекени болгон Бишкекке кайтып келгенине абдан кубанып, бактылуу экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2023. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: