Кыргызстандын экономикасы 9 айда туруктуу өсүштү көрсөттү
Улуттук статистика комитетинин 9 айдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчёту жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-сентябрь айларындагы отчёттун жыйынтыгы боюнча республикада экономиканын жана социалдык өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча жогорку өсүштүн темпи белгиленди.
Анда орточо айлык эмгек акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25,7 пайызга өсүп, ал 32 миң 78 сомду түздү. Ошондой эле тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27 пайызга көбөйүп, ал 9,407 миллиард долларды түздү.
Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46 пайызга өсүп, 1 850 миллиард долларды, ал эми импорт 23 пайызга өсүп, 7,5 миллиард долларды түздү.
"Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү боюнча дагы олуттуу өсүш байкалды, 9 айда 23 миллиард сомду түзгөн, ал өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20 пайызга көп.
Жүк ташуулардын көлөмү 13 пайызга өсүп, ал 35,5 миллиард сомду түздү.
2023-жылдын 9 айында дүң жана чекене соода 18 пайызга өсүп, 791 миллиард сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, негизги капиталга инвестиция 17 пайызга өсүп, 97 миллард сомду түздү.
Жалпысынан курулуш боюнча ички дүң продукциянын көлөмү да 13 пайызга өсүп, 106 миллард сомду түздү.
Маалымдалгандай, айыл чарбада иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү болгон жок. айыл чарба продукциясынын көлөмү 294 миллион сомду түздү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эң көп Баткен облусунда өсүп, ал 21 пайызды түздү.
Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы катарга 19 пайыз менен Чүй облусу жана 13 пайызды түзгөн Бишкек шаары кирди.

