super.kg logo

Коомдук ишмер, Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Базарбай Мамбетов каза болду

 

Кечээ, 22-октябрда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, эмгек сиңирген куруучу, мурдагы вице-премьер-министр жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Базарбай Мамбетов 75 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамбетов Базарбай Эстебесович 1948-жылы 6-майда Талас облусунун Балбал айылында туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин Москва шаарындагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтун жана Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн.

Ал 1985-жылы Фрунзе шаарындагы Жеңиш аянтынын, Казарман алтын кен комбинатынын, Өкмөт Үйүнүн, Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, азыркы Ош жана Аламүдүн базарларынын курулушун жетектеген. Бүт өмүрүн курулуш тармагына арнап, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” наамын алган.

1988-жылы Армениянын Спитак шаарындагы катуу жер титирөөдөн кийин шаарды калыбына келтирүү иштерине катышкан.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп, ЕврАзЭС маселелерин жетектеп, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарды түзгөн.

2011–2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси болгон.

Мамбетов Базарбай бир канча мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Акыркы жылдары гидроэнергетиканы өнүктүрүүдө, өлкөнүн Борбордук Азиядагы стратегиялык суу-энергетикалык позициясын кеңири жайылтып, Нарын ГЭС каскадын курууну улантууда активдүү катышып келген, өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясын жетектеп келген.

Анын үч баласы жана жети небереси бар.

Ата мекендик курулуш тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү ишмер Мамбетов Базарбай Эстебесовичтин жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.

SUPER KG жамааты Базарбай Мамбетовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2023. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: