Мейрамбек Ахмедов коштоп. Депутат Тазабек Икрамов Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди (видео)






22-октябрь күнү Грециянын Афины шаарында өткөн ардагерлер арасындагы күрөштүн грек-рим түрүнөн күмүш медалды жеңип алган депутат Тазабек Икрамовду аэропорттон расмий тосуп алышты.
Жогорку Кеңештин депутатын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов жана жакындары өзгөчө маанай менен, кызуу куттуктап тосушту. Эл өкүлүн күрөш боюнча калыс жана машыктыруучу Мейрамбек Ахмедов коштоп келди.
Тазабек Икрамов бул жеңиштин артында чоң эмгек жатканын белгилеп, аны колдогон, ишенген, ага дем берген кыргыз элине чексиз ыраазычылыгын билдирди.
Тазабек Икрамов Дүйнө чемпиондугунда ирандык, казакстандык, польшалык балбандарды утуп финалга чыккан. Финалда ал швециялык балбанга упайлардын айырмачылыгында жеңилип калган.
Депутат Тазабек Икрамов Дүйнө чемпиондугунан кайтып келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:22
2025-07-11

10:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.