Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгени маалымдалган болчу.