super.kg logo

Кызыл-Кыя шаарына 125 жыл: Бала бакча, веложол жана аллея пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 24-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгына карата бала бакча, веложол жана аллея пайдаланууга берилди. Бул тууралуу SUPER. KG порталына президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара илимий конференция менен башталып, ага президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов, шаар мэри Асилбек Жоробаев баш болгон жетекчилер, облустун активи жана Кызыл-Кыя шаарын буга чейин жетектеген жетекчилер, тарыхчылар катышты.

Конференцияда шаардын түзүлүү,түптөлүү тарыхы тууралуу докладдар окулуп,шаардын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар инсандарга сыйлыктар тапшырылды.

Мааракенин урматына шаарда бул күнү №1 "Айданек Кызыл-Кыя" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кошумча 50 орундуу имараты пайдаланууга берилди. Курулушка 19 миллион сом жумшалган, анын 15 миллион сому "САSA-1000" долбоору аркылуу, 5 миллион сом жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Андан соң шаардын 1-кичи районунда эс алуучу скверге чек ара окуясында каза болгон жоокер Марат Ташмурзаевдин ысмын ыйгаруу иш-чарасы болду.

Сквердин курулушуна жергиликтүү бюджет эсебинен 1,3 миллион сом акча каражаты бɵлүнгөн. Ошондой эле узундугу 2,2 чакырым болгон веложолу пайдаланууга берилди. Жолдун курулушуна жергиликтүү бюджет эсебинен 10 миллион сом акча каражаты жумшалган.

Муну менен катар тротуар жана аллеянын ачылышы болду. Курулушка жергиликтүү бюджет эсебинен 4,7 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Мындан сырткары, шаардын "Тазалык" ишканасына атайын техника тапшырылды. Анын 2 миллион сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан, 2 миллион сому шаардын бюджетинен бөлүнгөн.

Ал эми Т.Кулатов атындагы борбордук стадионун реконструкциялоо менен катар, эс алуучу бөлүгүнүн курулушу жүргөн, курулуштун 3 миллион сомдук бөлүгү ашар жолу менен жасалып, Баткен ɵнүктүрүү фонду аркылуу 2 миллион сом, жергиликтүү бюджет эсебинен 2 миллион сом акча каражаты кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: