Ошто жыл аягына чейин 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлөт





Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы 720 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Оштун мэри Бакытбек Жетигенов аталган билим берүү мекемесинин курулуш иштери менен жеринен таанышып, келечекте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мындай долбоорлор башкаларга үлгү катары болушу керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле мэр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, долбоорго ылайык сапаттуу аткарылышын тапшырды. Мекеменин курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүтүшү керек.
Белгилей кетсек, билим уясынын курулушу өлкө жетекчилигинин түздөн-түз көзөмөлүндө турган 100 орто мектептин бири.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.