super.kg logo
  Спорт  

Ислам Махачев UFC уюмуна нааразы болду

 

UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Ислам Махачев уюмдун жаңыланган рейтингинде экинчи орунду ээледи.

Жаңыланган рейтингден кийин орусиялык мушкер UFC уюмунун мындай рейтингди жарыялаганына нааразы болду.

"Мен бул рейтингди ким жана эмне үчүн түзгөнүн билбейм. Мен биринчи номурдагы мушкерди уттум, эми алар мени биринчи орунга коюшкан жок. Эми эмне? Буга таң каларлык эч нерсе жок. Балким, кээ бирөөлөрдүн пайдасыдыр. Ал азыр мушташа турган болду, балким алар аны ушинтип соороткусу келет. Башка кантип биринчи орунга чыгарымды билбейм.

Эгер биринчи номурдагы мушкерди жеңип, уюм сени биринчи орунга койбосо, анда башкасын билбейм", - деген Ислам Махачев Ушатайка каналына.

21-октябрда Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турниринде орусиялык мушкер Ислам Махачев австралиялык Александр Волкановскини жеңип, чемпиондук титулун экинчи ирет коргогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: